super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Светлана Назаренко инсультка кабылгандан кийин биринчи жолу "Город 312" менен сахнага чыкты

 

"Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко оор инсульттан кийин биринчи жолу сахнага чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ал Москвадагы "ВТБ Аренада" өтүп жаткан "Алтын граммофон" юбилейлик музыкалык сыйлыгынын кечесинде сахнага чыгып, "Останусь" ырын аткарды. Назаренко акыркы жолу сахнага мындан 2 жыл 7 ай мурун чыккан.

Топтун мүчөлөрү анын абалы жакшырып жатканын билдиришип, бул күн алар үчүн өзгөчө толкундануу жаратканын айтышты. Учурда Назаренко гастролдорго чыга элек, бирок кайрадан сахнага кайтууга активдүү даярданып жатканы белгиленди.

Музыканттардын айтымында, топ азыр анын реабилитациясын колдоо үчүн иштеп жатат. Эске салсак, буга чейин Светлана Назаренко Андрей Малаховго берген маегинде анын инсультка кабылышына COVID-19 себеп болгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: