super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өлкөнүн жаш окумуштуулары Кытайга илимий стажировкага жөнөтүлүүдө

 
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жаш окумуштууларды Кытай Эл Республикасына илимий стажировкага жөнөтүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, илимий стажировкага катышуучулар ачык сынактын негизинде тандалып, алар эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда макулдашылган илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча жөнөтүлүүдө. Бул багыттарга медицина, айыл чарба, геология, сейсмология, жашыл экономика, экология, биотехнология жана индустриализациялоо кирет.
"Сынактын жеңүүчүлөрү илимий даражасы бар же жок экенине карабастан, кесипкөйлүгү жана англис тилин эркин билүүсү аркылуу тандалып алынган. Талапкерлердин жаш курагы 45 жаштан ашпоого тийиш. Илимий стажировканын мөөнөтү 3 айдан 12 айга чейин. Жыйынтыгында ар бир катышуучу Кытайдагы илимий жана билим берүү мекемелеринен алган тажрыйбанын негизинде Кыргызстандын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган илимий-техникалык долбоор сунуштоо милдетин аткарат",- деп белгиленген маалыматта.
Кечээ, 30-октябр илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемел Садыков жаш окумуштуулар менен жолугушуп, алардын алдыдагы иш сапарына ийгилик каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: