super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Instagram’дагы жаңылык: Reels жана Издөө алгоритмин колдонуучулар жөнгө сала алышат

 

Instagram колдонуучуларга Reels жана Издөө бөлүмдөрүнүн алгоритмин өз каалоосуна жараша өзгөртө алууга мүмкүнчүлүк берген жаңы функцияны тесттен өткрүп жатат. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Адам Моссери Threads платформасында билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы функция "Сиздин алгоритм" деп аталат жана колдонуучулар өздөрү кызыккан темаларын тандай алышат.

Функция аркылуу адамдар жаңы темаларды кошо алышат же тескерисинче, көргүсү келбеген контент түрлөрүн белгилеп, аларды өз лентасынан четтетишет. Алгачкы тест Reels бөлүмүндө өтүп, кийин Издөө барагына да жайылтылат.

Моссеринин айтымында, бул жаңылык Instagram’да жеке тажрыйбаны дагы да так жана кызыктуу кылууга багытталган. Функция азырынча чектелген колдонуучуларга гана жеткиликтүү, дүйнө жүзү боюнча качан ишке кирери белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: