Рэпер P. Diddy коопсуздук чаралары начар түрмөгө которулганы айтылды
Сойкулукка тартуу максатында адамдарды ташыган деген айып тагылып, 50 айга эркинен ажыратылган америкалык белгилүү рэпер Шон Комбс (P. Diddy) коопсуздук чаралары начар түрмөгө которулганы айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган түрмөдө баңгизаттарды дарылоо программасы дагы иштейт. Буга чейин 7-октябрда P. Diddу‘нин жактоочусу сотко баңгизаттарды дарылоо программасы бар түрмөгө которуу өтүнүчү менен кайрылган.
Белгилей кетсек, ушул жылдын октябрь айында Нью-Йорктун соту рэперди сойкулукка тартуу максатында адамдарды ташыган деген айып менен 50 айга (4 жыл 2 айга) камакка алуу тууралуу өкүм чыгарган.
Рэпердин 2024-жылдын сентябрь айынан бери камакта отурган убактысы эсепке алынса, үч жылдан азыраак мөөнөттө бошотулушу мүмкүн экени айтылган. Ал сентябрь айында кармалып, камакка алынганган болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















