Азербайжан бийлиги BBC'нин өлкөдөгү өкүлчүлүгүн жапты
Азербайжан бийлиги британиялык BBC телерадиокомпаниясынын өлкөдөгү өкүлчүлүгүн жоюп, анын журналисттеринин аккредитациясын токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери Медиа өнүктүрүү агенттигинин юридикалык бөлүмүнө таянып кабарлашты.
Агенттик билдиргендей, өкүлчүлүк жабылганына карабай, BBC кызматкерлери өлкөдө журналисттик иштерин уланткан. Алар мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүп, иликтөөлөрдү жүргүзүп келишкен.
"Чет элдик медиа уюмдары Азербайжанда филиал ачуусу үчүн республика катышкан эл аралык келишимдерге ээ болушу керек. Азербайжан BBC менен мындай келишимге ээ эмес болгондуктан, өкүлчүлүк жоюлуп, журналисттердин аккредитациясы жокко чыгарылды",- деп белгиленген маалыматта.
Айта кетсек, февралда Азербайжан бийлиги BBC'ден өлкөдөгү кызматын токтотууну талап кылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















