Изилдөө: Мээге эң көп зыян келтирген тамак-аштар аныкталды
Virginia Tech университетинин окумуштуулары жаңы изилдөөдө кайсы тамак-аштар мээге көбүрөөк зыян келтирерин аныкташты. Алардын жыйынтыгы боюнча фабрикалык иштетилген эт азыктары жана кант көп кошулган суусундуктар эң кооптуу болуп чыкты. Күн сайын аларды бир порциядан ашык жеген адамдарда деменция жана альцгеймер сыяктуу коркунучтардын пайда болуусу жогорулайт.
Изилдөө 2014-2020-жылдар аралыгында 55 жаштан жогорку 4 750 америкалыктын абалын байкап, ар бирин эки жылда бир тесттен өткөргөн. Натыйжада күн сайын бир порциядан ашык фабрикада жасалган эт жегендерде коркунуч 17 пайыз, канттуу суусундуктарды ашыкча ичкендерде 6 пайыз жогорулаган.
Изилдөөчүлөрдүн кеңеши: мээни сактоонун эң натыйжалуу жолу - фабрикадан жасалган азыктарды азайтуу жана үйдө тамак жасоону көбөйтүү. Профессор Бренда Дэйви белгилегендей, маанилүүсү - чектөө, тең салмактуу жана акылга сыярлык тамак тандоо. Бул кичинекей өзгөрүүлөр мээнин саламаттыгын сактоодо чоң роль ойнойт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















