super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Москвада биринчи жолу "Евразия" эл аралык сыйлыгы ыйгарылды

 

Москвада "Евразия" уюму жана Россотрудничество менен өнөктөштүктө уюштурулган биринчи "Евразия" эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлык салттуу баалуулуктарды сактоо, орус тилин жайылтуу, маданиятты, билим берүүнү, ыктыярчылык ишмердүүлүктү жана элдик дипломатияны өнүктүргөн адамдардын салымын таануу максатында берилет.

Сынакка 27 өлкөдөн, анын ичинде Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Грузия, Италия, Испания жана башка өлкөлөрдөн 3700дөн ашык арыз келди. Финал Москвадагы "Россия" улуттук борборунда 1000ден ашуун коноктордун коштоосунда өттү.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков биринчи сыйлык "Достуктун көпүрөсү" номинациясын ыйгарды. Ал орусиялык "ПроСвет" эл аралык форумуна берилди. Песков "Евразиянын" ишмердүүлүгүн тарыхый баалуулуктарды сактоо жана адамдарды бириктирүү максатындагы маанилүү иш деп баалады.

Мамдуманын депутаты жана "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова диалог жана кызматташтык аркылуу жаңы идеялар жана долбоорлор жараларын белгиледи. Ал "Лидер Евразия" наамын орусиялык "Ход в будущее" фондунун негиздөөчүсү Зоя Арнацкайга берди.

"Дүйнө тили" наамынын жеңүүчүсү орус тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салым үчүн казахстандык орус тили жана адабияты мугалими Ботагоз Омарава болду.

Россотрудничествонун башчысы Евгений Примаков элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган атайын сыйлыкты Өзбекстандан барган Саодат Турсунбаева, Молдовадан Степан Берилге, Кыргызстандан Эльдар Айтматовго, Грециядан Пателис Димитриосго тапшырды.

Вице-спикер Борис Чернышов "Келечек муундун эсине" наамын орусиялык "Өчпөс полк" долбоорунун негиздөөчүлөрүнө берди.

Сынактын байге фонду 25 миллион рублду түзөт. Жеңүүчүлөр финансылык гана эмес, ментордук, консультациялык жана маалыматтык колдоо да алышат.

Маалымат үчүн: "Евразия" - эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өз алдынча коммерциялык эмес уюм. Уюм салттуу баалуулуктарды сактоо, тарыхый эстутумду жана маданий мурастарды колдоо, билим берүү жана жаштардын социалдык демилгелерин колдоо менен алектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: