Орусияда майып карындашын муунтуп өлтүргөн деп агасы кармалды
Орусиянын Краснодар аймагынын тургуну 41 жаштагы майып карындашын муунтуп өлтүрүп, сөөгүн кудукка таштап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Шектүү менен анын карындашы ашканага барышкан, андан соң кайтып жатканда алардын ортосунда чыр чыгып, айыпталуучу аялды муунтуп өлтүргөн. Сөөгүн айылдын четине алып барып, кудукка таштап, таштанды жана гезиттер менен жаап, өрттөөгө аракет кылган.
Алардын кошунасы укук коргоо органдарына аялдын дайынсыз жоголгону, эки айдан бери майыптык боюнча пенсиясын ала электиги тууралуу айткан. 54 жаштагы шектүү алгачкы тергөө учурунда карындашы башка аймактагы туугандарына барганын айткан. Кийин кылмышын моюнуна алып, бардык маалыматтарды айтып берген. Шектүү камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















