Бишкек шаарынын тургундарына 3-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 31-октябрда билдирүү таратты.
Кабарлангандай, тиешелүү тескемеге шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат.
Ага ылайык, жылуулук алгач мектеп, бала бакча, төрөт үйлөрүнө берилсе, анда кийин турак үйлөрдө, өнөр жай ишканаларында жана мекемелерде бериле баштайт.

Супер-Инфо
super.kg видео
















