super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Франция президенти Эммануэль Макронго элдин колдоосу тарыхый минимумга түштү

 

Франция президенти Эммануэль Макронго элдин колдоосу тарыхый минимумга түштү. Бул тууралуу Le Figaro гезити жарыялаган сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Ага ылайык, учурда аны колдогондор болгону 11 пайыз. Буга чейин июлда Европарламент шайлоосунда союзунун жеңилүүсүнөн кийин парламентти таркатуу чечими кабыл алынган, бирок бул кадам кескин сынга кабылтып, саясий кризисти тереңдеткен. Натыйжада парламент иши дээрлик токтоп, өлкө башкаруусу татаалдады.

Макрон бийликке келген 2017-жылдан бери жети премьер-министр алмашты. Алардын катарында Эдуард Филипп, Жан Кастекс, Элизабет Борн, Габриэль Атталь, Мишель Барнье жана Франсуа Байру бар. Азыркы премьер Себастьян Лекорню да октябрда отставкага кетерин билдирген, бирок кийин кайра дайындалган.

Verian Group жүргүзгөн сурамжылоо жыйынтыгында, Макрондун 11 пайыздык рейтинги 2016-жылы ушундай эле деңгээлге түшкөн экс-президент Франсуа Олланддын көрсөткүчүнө теңелди. Бул аны акыркы 50 жылдагы Франциянын элдин колдоосу эң төмөн президенттеринин бири кылып көрсөтүүдө. Рейтингдин түшүшүнө өлкөдөгү өсүп жаткан мамлекеттик карыз, бюджет тартыштыгы жана кредиттик уюмдардын Франциянын баасын төмөндөтүшү да таасир эткен. Эксперттер жакынкы айларда саясий-экономикалык абал оңой болбой турганын божомолдошууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: