super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров өлкө билимдүү жаштарга муктаж экенин айтты

 

"Кыргызстан билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж". Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде айтты.

Мамлекет башчы аталган стипендия жөн гана материалдык колдоо эместигин, ал билими, чыгармачылыгы менен айырмалаган студенттерди шыктандыруу үчүн берилерин белгиледи. Жапаров президенттик стипендияны алып жаткан студенттерди куттуктап, өлкөдө билим тармагына көңүл бурулуп жатканын билдирди.

"Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системин эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуунун аракетиндебиз. Анын ичинде жогорку окуу жайларда окутуунун сапатын арттырууга басым жасап жатабыз. Биздин максат – студенттердин билим алуусуна гана эмес, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаштардын чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз.

Бул багытта быйыл дагы айрым окуу жайлар өзгөчө макамга ээ болду. Мындай кадамдар аркылуу материалдык-техникалык базалары жаңыланып, академиялык жана каржылык өз алдынчалык макамы берилген окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү өндүрүш менен тыгыз айкалыштырып, иш жүргүзүү талаптары катуу коюлууда",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: