Ооганстан менен Пакистан ортосундагы ок атышууну токтотууну улантуу чечими кабыл алынды
Ооганстан менен Пакистандын өкүлдөрү Түркия жана Катардын арачылыгы менен Стамбулда жолугушуп, чектеги кагылыштарды токтотуу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25-30 октябрда төрт өлкөнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр өтүп, Дохада токтоп калган келишим бекемделди. Кошумча эрежелер 6-ноябрда жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланып, расмий бекитилет.
Жолугушууда тараптар согуштук аракеттерди токтотуу жана аны бузган тарапка чара көрүү үчүн көзөмөл жана текшерүү механизми түзүү боюнча макулдашты.
Эске салсак, Пакистан менен Ооганстан ортосундагы кагылышуудан кийин 15-октябрда 48 сааттык ок атышууну токтотуу жарыяланган жана Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн соңуна чейин узартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















