super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Жаш балбандар III өспүрүмдөр Азия оюндарынан кайтып келишти (видео)

 
Бүгүн, 31-октябрда өлкөнүн күрөш боюнча курама командасы Бахрейинде өткөн III өспүрүмдөр Азия оюндарынан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаш балбандарды "Манас" эл аралык аэропортунан Тайманбас олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Бактыяр Бокоев, күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Турнир Манама шаарында 28-29-октябрь күндөрү өттү.
Эске салсак, эркин күрөштөн Адилет Муканбетов (45 килограмм) күмүш медаль, Нурахмад Сарыбаев (51) жана Арнур Нурсаидов (48) коло байге утушкан. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Асел Токтосун кызы (49 килограмм) жана Сезим Жолдошбекова (57) күмүш медаль жеңишсе, Асема Төрөгелдиева (53 килограмм) жана Акылай Чыныбаева (61) коло байге тагынышты.





Жаш балбандар III өспүрүмдөр Азия оюндарынан кайтып келишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: