Ош шаарында көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат
Ош шаарында көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаар аймактарында жол тыгыны жана унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги күн сайын негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө. Бул маселени чечүү жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында көп кабаттуу заманбап авто токтотуучу жай куруу боюнча долбоор иштелип чыкты.
Долбоор боюнча курулуучу унаа токтомо Ош шаарынын күн чыгыш тарабындагы Исанов көчөсүндө жайгашат. Имарат жалпы 5 кабаттан туруп, 125 унаага ылайыкташкан.
Бул долбоордун эскиздик планы Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















