Казакстанга иштегени кетип, келе албай калган кыздар өлкөгө кайтарылды
Акыйкатчы институту бүгүн, 31-октябрда Казакстанда эмгек миграциясынан келе албай жаткан эки кыргыз кызы өлкөгө кайтарылганын маалымдады.Билдирүүгө ылайык, октябрдын башында акыйкатчыга Ош облусунун Кара-Суу районунун С.М. аттуу тургуну эки кызы Казакстанга иштөөгө кетип, келе албай жатканын айтып, кайрылган.
Анын айтымында, 2024-жылдын март айында К.К. аттуу аял 16 жана 18 жаштагы кыздарын Шымкент шаарына жумушка алып кеткен. Бирок кыздар баргандан кийин зомбулукка кабылып, күнү-түнү иштеп жатканын айтып даттанышкан.
“Бир тууган эже-сиңдилер кыздарымды эртеден кечке базарда, кайра түн бир оокумга чейин оор мүшөктөрдү кампага ташытып, кулдай эле жумшашкан. Кетебиз десе күч колдонушуптур. Мен байланышып, кыздарымды жөнөт десем 3 жыл иштеп анан кетет, ага чейин чалып башымды оорутпа деп койду”,- деген апасы.
Ал ошондой эле жумуш берүүчү кыздардын документтерин тартып алганын, мындан улам алар өлкө кайта албай жатышканын кошумчалаган.
Акыйкатчы кыздардын укуктары жана эркиндиктери бузулганын белгилеп, аларды тез арада өлкөгө алып келүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигине кат жолдогон.
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен кыздар Шымкент шаарында иштеп жүргөн жеринен табылган. Алар коңшу өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандыктан, Кордайда соту өткөндөн кийин 13-октябрда мекенине жеткирилип, апасына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















