Япония аюуларды кармоо үчүн мергенчилерди жалдайт
Япония аюулардын адамдарга кол салуусу көбөйгөндөн кийин лицензиясы бар мергенчилерди атайын кызматка тартууну пландап жатат. Айлана-чөйрө министрлигинин маалыматына караганда, мамлекет эл жашаган аймактарга кирген жана кооптуу болгон аюуларды дароо токтотуу үчүн бюджеттен каражат бөлөт. Быйыл өлкөдө аюулардын кол салуусунан 12 адам каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алды. Бул 2000-жылдардан бери катталган эң жогорку көрсөткүч.
Өкмөт аюуларды коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч деп таап, кошумча чараларды карап көрүүдө. Полицияга аюуларга ок атууга уруксат берүү маселеси талкууланып жатат, ал эми аскерлер аюуларды кармоого жардам беришет. Бирок мыйзам боюнча жоокерлерге жаныбарга ок атууга тыюу салынган. Акыркы айларда аюулар супермаркеттерге, мектептерге чейин кирип, тургундарды коркуткан учурлар катталды.
Адистердин айтымында, аюулардын эл жашаган аймактарга жакындашынын себеби - климаттын өзгөрүшү, токойдогу азыктардын азайышы жана аймактарда мергенчилердин азайганы менен байланыштуу. Өкмөт сентябрда шаарларда аюуларга ок атууну жеңилдеткен мыйзамдык өзгөртүүнү да күчүнө киргизген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















