Шашылыш билдирүү: Өлкө аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, өлкө аймактарында 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. 4-5-ноябрларда жана 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0… +5
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз 1…6 градус. Тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7, күндүз -2 …+3
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4 …-6, күндүз +1…+6
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1 …+4 градус болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 6-ноябрда түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















