Орусияда 12 жылдык окуу жылы киргизилиши мүмкүн
Орусия мектепте 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Коомдук палатанын катчысынын орун басары Владислав Грибге шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал бул убакыттын гана маселеси экенин айтып, дүрбөлөңгө түшпөй талкуулоого чакырды. Азыр өлкөдө толук орто билим алуу 11 жылга созулат.
Грибдин айтымында, иш жүзүндө Орусияда 12 жылдык билим берүү системасы буга чейин эле иштеп келет. Анткени бала бакчадагы акыркы жылды мектепке даярдык же нөлдүк класс катары кароого болот.
Билим берүү министрлиги 12 жылдык окуу идеясын талкуулоого жооп берип, учурдагы билим берүү системасы балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзгөрүүгө дуушар экенинин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















