super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

YouTube менен Disney ортосунда жаңжал чыгып, Disney’ге таандык телеканалдар өчүрүлдү

 

Видеохостинг YouTube өзүнүн YouTube TVдан Disney’ге таандык телеканалдарды, тагыраагы, ESPN, ABC, FX, National Geographic, Disney Channel, ABC News жана башкаларды өчүрдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, YouTube жана Disney көп убакыттан бери жаңы лицензиялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Disney лицензиялык төлөмдөрдү көбөйтүүнү талап кылган. Себеби ESPN жана анын филиалдык телеканалдары буга чейин эле спорттук мелдештерди көрсөтүүдө рынокто эң кымбат болуп келген.

YouTube өкүлдөрү билдиргендей, Disney сунуш кылган жаңы шарттар компаниянын жетекчилигин канааттандырган эмес. Ал эми Disney өз кезегинде Google компаниясынан башка контент дистрибьюторлору төлөгөндөй эле акы талап кыларын билдирген.

Бул талаштын натыйжасында Disney компаниясына таандык телеканалдар өчүрүлдү. Учурда эки компания сүйлөшүүлөрдү улантууда.

YouTube ошондой эле эгерде келишим жакын арада түзүлбөсө, анда колдонуучуларга YouTube TV кызматын төлөөдө 20 пайыз арзандатуу купону берилерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: