super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орбан Путин менен Трамптын жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады

 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 7-ноябрда Вашингтондо өтө турган АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу Орусиянын лидери Владимир Путин экөөнүн Будапештте саммит өткөрүүсүнө себепчи болоруна ишене турганын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Kossuth радиосуна берген маегинде айтты.

"Менимче, биз бул жолугушууга жакындай алабыз. Президент Трамп менен талкуулай турган маанилүү темалардын бири — Украинадагы тынчтык маселеси болот", — деди Орбан.

Ошондой эле ал АКШ менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланарын кошумчалады. Анын айтымында, Ак үйдөгү жолугушууга карата экономика жана каржы тармагында бир катар келишимдер даярдалууда.

Эске салсак, 27-октябрда Орбан АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууда Орусиянын мунай тармагына карата киргизилген санкцияларды да талкуулай турганын айткан. Анын пикиринде, Трамптын ошол кездеги жаңы чектөөлөрдү киргизүү чечими туура эмес болгон. Орбан бул маселеден чыгуунун жолун, айрыкча Венгрия үчүн табууга аракет кыларын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: