super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө мыйзамсыз курулуш боюнча 800 миң сом айып пул салынды

 
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттерине карата көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Шопоков шаарынын Биринчи Май көчөсү 29 А дарегинде жайгашкан "ЛАХОР СТИЛ МИЛС" ЖЧКсынын ишканасында мыйзам бузуулар аныкталган. Буга чейин да аталган аймак боюнча текшерүү жүргүзүлүп, даяр продукцияны сактоочу кампаны куруу жана куйма цехин реконструкциялоо иштери тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлгөнү маалым болгон.
Анын негизинде "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарын сактабагандыгы үчүн административдик чаралар көрүлүп, 400 000 сом айып пул салынган. Айып пул белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүктөн, кошумча 400 000 сом өлчөмүндө туум эсептелинди. Натыйжада, айып пулдун жалпы суммасы 800 000 сомду түзүп, материалдар Сокулук райондук мажбурлап аткаруу кызматына жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, аймактык башкармалык сот органдарына өз алдынча курулган даяр продукция сактоочу кампаны бузуу жана куйма цехтин ишин тиешелүү уруксат документтери жана шайкештик акты алынганга чейин токтотуу талабы менен доо арызын берди.
Курулуш министрлиги бардык жарандарга жана уюмдарга объекттерди курууда шаар куруу талаптарын жана мыйзам-ченемдерин так сактоо зарылдыгын эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: