super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

NASA Ким Кардашьяндын Айга конуу тууралуу пикирине жооп берди

 

NASA'нын жетекчисинин милдетин аткаруучу Шон Даффи өзүнүн X социалдык баракчасында Ким Кардашьяндын Айга конуу тууралуу билдирүүсүн четке какты. Ким "Кардашяндар үй-бүлөсү" телешоу эпизодунда 1969-жылы америкалыктардын Айга конгонуна ишенбей турганын билдирген.

Актриса Сара Полсон менен сүйлөшүү учурунда Базз Олдриндин "Айга конушкан эмес" деген сөздөрү тууралуу жарыяланган маалыматка шилтеме берген. Бул сөз NASA өкүлүнүн реакциясын жараткан. Даффи болсо АКШ адамдардын Айга учкан пилоттук миссияларын өткөргөнүн белгиледи.

"Ооба, Ким Кардашьян, биз Айга барганбыз… Алты жолу!"- деп эскертти ал.

Андан тышкары, ал "Артемида" аттуу Айды изилдөө программасы АКШнын президенти Дональд Трамптын демилгеси менен кайра жанданганын кошумчалады.

Адамдын Айга биринчи жолу конушу 1969-жылдын 20-июлунда болгон. "Аполлон-11" миссиясы учурунда астронавттар Нил Армстронг жана Базз Олдрин Айдын бетине биринчилерден болуп барышкан.

Андан соң конспирологиялык теориялар пайда болуп, конуу фальсификацияланган деп айтып чыгышкан. Бул версиялардын популярдуулугу Билл Кейстингдин "Биз эч качан Айда болгон эмеспиз" китебине байланыштуу.

Ал эми белгилүү астроном Нил Деграсс Тайсон мындай билдирүүлөрдү бир нече жолу четке каккан, ал миссияны жасалмалоо Айга чындап учуудан да кыйын болорун белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: