super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таш-Көмүр шаарында алгачкы ипотекалык турак жай пайдаланууга берилди (фото)

 
Таш-Көмүр шаарында алгачкы ипотекалык турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Саамалыкка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Иш-чаранын башында жаңы турак жайдын буга чейинки абалы тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.
Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, буга чейин 100 миллион сом каражат бөлүнгөнүн айтты. Ал эми жакынкы аралыкта оорукана, парк жана спорт комплекси сыяктуу социалдык маанидеги объектилер куруларын билдирди. Ошондой эле өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы иштер уланарын кошумчалады.
Жаңы комплексте төрт кабаттуу эки үй, 96 батир, балдар ойноочу жайлар, спорттук оюн аянтчалары жана эки кабаттуу коммерциялык имарат бар. Ар бир батирде санузел, электр энергиясы жана жылытуу системасы орнотулуп, жашоого бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, турак жайдын имараттары Союз мезгилинде заводдун жатаканасы катары пайдаланылып келген. Эгемендик жылдары каралбай, таланып-тонолуп, жеке колдорго өткөн. Кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин заманбап турак жайга айланган.
Иш-чарадан соң Камчыбек Ташиев Кызыл-Алма айылына курула турган жаңы спорттук комплекстин долбоору менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: