Бишкекте эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейд өткөрүлдү
Бишкекте "Орто-Сай" базарында эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигинин 7-августтагы №140 буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү. Бул буйрукка ылайык, 11-августтан тарта өлкө аймагында 90 күнгө убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салуу киргизилип, уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) чекене баанын жогорку чеги 1 килограммына 680 сом өлчөмүндө белгиленген.
Рейддин жүрүшүндө эттин баалары текшерилип, сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан мурда текшерүүнүн жыйынтыгында баа эрежесин бузган эки учур аныкталып, жалпы 26 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлгөн.
Сатуучуларга буйруктун талаптарын так сактоо милдеттүү экени дагы бир жолу түшүндүрүлдү. Жарандар эт бааларынын мыйзамсыз жогорулаганын байкаган учурда Монополияга каршы күрөшүү кызматына кайрылса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















