super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Барселонадагы “Саграда Фамилия” храмы дүйнөдөгү эң бийик чиркөөгө айланды

 

Испаниядагы “Саграда Фамилия” католик чиркөөсү борбордук мунарасына крест элементин орноткондон кийин дүйнөдөгү эң бийик чиркөөгө айланды. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Барселонадагы “Саграда Фамилия” храмынын куруучулары борбордук мунарасына кресттин биринчи бөлүгүн орнотушту. Натыйжада имараттын бийиктиги 162,91 метрге жетип, дүйнөдөгү эң бийик чиркөө болуп калды.

Кийинки айларда мунарага кресттин калган бөлүктөрү орнотулуп, чиркөөнүн акыркы бийиктиги 172 метрге жетет.

Белгиленгендей, архитектор Антонио Гаудинин “Саграда Фамилия” чиркөөсү бир кылымдан бери курулуп келе жатат, анын негизги имараты келерки жылы толугу менен бүткөрүлөт. Фасаддар жана ички жасалгалоолор жакынкы 10 жылдын ичинде бүтөт.

Эске салсак, 1890-жылдан тарта дүйнөдөгү эң бийик чиркөө Германиядагы Ульм собору болчу, анын бийиктиги 161 метрди түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: