Түркиядагы курортто чыккан өрт боюнча айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркиядагы Болу провинциясындагы Карталкая лыжа курортунда быйыл январь айында 78 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча сот 11 адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Өрт 12 кабаттуу шале ресторанында чыккан, анда 238 адам болгон. Имараттагы адамдар түн ортосунда терезелерден секирип качууга мажбур болушкан.
Каза болгондордун арасында 34 бала бар, андан тышкары 137 адам жабыркаган.
Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын арасында Grand Kartal мейманканасынын ээси Халит Эргюль бар. Бул иш боюнча жалпы 32 адам айыпталып, алардын 20сы учурда тергөө абагында.
Эргюль менен бирге айыпталуучулардын арасында директорлор кеңешинин мүчөлөрү, менеджерлер жана мейманкананын кызматкерлери, ошондой эле вице-мэр жана өрт өчүрүү кызматкерлери бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















