super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кендирбаева ЮНЕСКОнун келечектин көндүмдөрү боюнча эл аралык талкуусунда сөз сүйлөдү (фото)

 
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 31-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун "Эртеңки күндүн трансформациясы бүгүн: туруктуу келечек үчүн көндүмдөр" аттуу эл аралык диалогуна катышып, баяндама жасады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарада мамлекеттердин билим берүү министрлери жана эл аралык уюмдар заманбап чакырыктар - санариптик өнүгүү, экологиялык туруктуулук, климаттын өзгөрүшү, социалдык теңсиздик жана кесиптик көндүмдөрдүн тартыштыгы тууралуу талкуулашты.
Өз сөзүндө Догдуркүл Кендирбаева дүйнө мектеп программалары жаңырганга караганда ылдамыраак өзгөрүп жатканын белгиледи.
“Алтын Казык” - бул жасалма интеллект доорундагы биздин жол көрсөтүүчү жылдызыбыз. Биз жаңы муундагы 12 жылдык мектеп системасын түзүп жатабыз - мазмуну жаңыртылган, STEM багыты бекемделген жана soft skills көндүмдөрү системалуу түрдө өнүктүрүлгөн.
Биздин максат - технологияларды кууп жетүү эмес, ар бир балага өз алдынча үйрөнүүгө, дүйнөнү таанууга, ыңгайлашууга жана өмүр бою өнүгүүгө шарт түзгөн куралдарды жана ой жүгүртүүнү берүү. Биз жасалма интеллект менен чогуу иштей ала турган, бирок ошол эле учурда адамдык сапаттарын сактап калган, изденген, жоопкерчиликтүү жана жаратман муунду тарбиялоого умтулабыз",- деди Кендирбаева.
Катышуучулар жаш муунга туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон билим жана компетенциялар, ошондой эле билим берүү жана кесиптик жетишкендиктерди өз ара таануу багытындагы эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: