super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Көркөм гимнастика боюнча эл аралык даражадагы спорт чеберлерине күбөлүктөр тапшырылды (фото)

 

Бүгүн, 31-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев көркөм гимнастика боюнча эл аралык даражадагы спорт чеберлерине күбөлүктөрдү тапшырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган жогорку наамдар Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, ийгиликтерге жетишкен улуттук курама команда мүчөлөрүнө ыйгарылды. Алар 2025-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн FIG эл аралык турниринде үчүнчү орунду жана Сингапурда өткөн Азия чемпиондугунда бешинчи орунду ээлеген.

Команданын курамы: Майя Маркелова, Саадат Кулматова, Айлун Суеркулова, Ариана Келиотис жана Амина Абдурахманова.

Казыбек Молдажиев спортчуларды татыктуу наамга ээ болгону менен куттуктап, алардын ийгиликтери Кыргызстандагы көркөм гимнастиканын өнүгүшүнө жана өлкөнүн эл аралык спорттук аброюн бекемдөөгө чоң салым кошконун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: