super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстандын Ички иштер министрлиги да Екатерина Биволго издөө жарыялады

 

Казакстандын Ички иштер министрлиги Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго издөө жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, Екатерина Биволго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулган жана ал учурда издөөдө.

"Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алдын ала баскычы уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Башка маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу жарыяланбай турганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Екатерина Биволго карата улуттар аралык (этностук) кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага сырттан айып коюлуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган жана издөө жарыяланган.

Эске салсак, социалдык тармактарда Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатеринанын ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: