super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Самбочулар ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугунда үч байгеге ээ болушту (фото)

 

Кыргызстандык спортчулар Өзбекстандын Бухара шаарында өтүп жаткан самбо боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 2 алтын жана 1 коло медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

79 килограмм салмакта М1 категориясында катышкан Ислам Баялинов финалда орусиялык Александр Шабуровду жеңип, ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону болду. Бул категорияда казакстандык Мирас Булатов жана тажикстандык Алишер Гарибшоев коло байгенин ээси болду.

Ошондой эле M4 категориясында 64 килограмм салмак ченинде Нурлан Аламанов финалда орусиялык Сергей Волков менен кез келип, жеңишке ээ болду. Аталган салмакта казакстандык Амантай Валиев жана орусиялык Александр Ефимов 3-орунду ээледи. Ал эми M5 категориясында 64 килограмм салмак ченинде Максатбек Мурзабеков коло медаль тагынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: