super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эми QR, телефон керек эмес...Kазакстанда алакан менен төлөм жүргүзүү кызматы ишке кирди (видео)

 

Кечээ, 31-октябрда Казакстандын Алматы шаарында Kaspi.kz компаниясынын жаңы долбоорлорунун презентациясы өттү. Эң көп талкуу жараткан кызматтардын бири Kaspi Alaqan болду, ал сатып алууларды колдун алаканы аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Kaspi.kz компаниясынын башчысы жана акционери Михаил Ломтадзе түшүндүргөндөй, катталуу үчүн жөн гана колуңду атайын түзмөккө жакындатуу жетиштүү, система сенин алаканыңды эстеп калат, андан кийин бир эле кол кыймылы менен төлөм жүргүзсө болот.

Жаңы функцияны эң биринчи болуп UFC мушкери Шавкат Рахмонов сыноодон өткөрдү жана төлөм ийгиликтүү аткарылды.

Kaspi Alaqan кызматы 25-декабрда ишке кирет. Алгач Алматыдагы пилоттук жайларда, кийинчерээк бүтүндөй Казакстан боюнча жеткиликтүү болору айтылды.

Kaspi.kz — бул Казакстандын технологиялык компаниясы, анын курамына "Kaspi Дүкөн" ЖЧКсы, "Kaspi Банк" ААКсы, "Kaspi Pay" ЖЧКсы жана "Kaspi Travel" ЖЧКсы кирет.






Kазакстанда алакан менен төлөм жүргүзүү кызматы ишке кирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: