super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

"Мурас Юнайтед" командасы Чакырык Лигасынын чейрек финалына чыкты (фото, видео)

 

Манас шаарынан чыккан "Мурас Юнайтед" футбол командасы АФКнын Чакырык Лигасынын чейрек финалына чыкты.

Сергей Пучков жетектеген команда С тайпасында биринчи орунду ээледи жана түз эле плей-офф этабына жолдомо алды.

Кечээ, 31-октябрда Бишкекте өткөн тайпанын акыркы оюнунда "Мурас Юнайтед" Кувейттин "Аль-Араби" клубу менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Муну менен "Мурас Юнайтед" тайпада биринчи орунду камсыздап, чейрек финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

"Командабыз Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Лигасындагы тайпалык этапты ийгиликтүү жыйынтыктап, кийинки баскычка жолдомо алды! Бул жетишкендик — оюнчулардын эмгеги, машыктыруучулардын стратегиясы жана күйөрмандардын чексиз колдоосунун жыйынтыгы! Алдыда дагы маанилүү беттештер күтүп турат. Командабызга ийгилик жана жеңиштерди каалайбыз", - деп жазды команда социалдык тармактагы баракчасына.






"Мурас Юнайтед" командасы Чакырык Лигасынын чейрек финалына чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: