super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандарга жаңы унаалар тапшырылды (видео)

 

Кыргызстандын күрөш федерациясы Загреб шаарында (Хорватия) өткөн Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлады. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, балбандарга жаңы унаалар тапшырылып, машыктыруучулар акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан тышкары эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Мирахимовго да федерация жана демөөрчүлөр тарабынан унаа берилди.

Федерациянын маалыматына ылайык, бул сыйлыктар спортчулардын жетишкендиктерин баалоо жана жаш балбандарды жаңы ийгиликтерге шыктандыруу болуп саналат.

Сыйланган балбандардын арасында Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Асан Жанышов, Нурзат Нуртаева жана Айпери Медет кызы бар.

Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрь айында Загребде өткөн Дүйнө чемпиондугунда Бекзат Алмаз уулу күмүш медаль уткан, Эрназар Акматалиев менен Асан Жанышов коло медалдын ээси болушкан. Айпери Медет кызы күмүш, ал эми Нурзат Нуртаева коло медаль тагынган.






Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен кыргызстандык балбандарга жаңы унаалар берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: