CNN: Пентагон Tomahawk ракеталарын Украинага бере турганын айтты
CNN телеканалынын маалыматына караганда, Пентагон Украинага узак аралыкка уча турган Tomahawk ракеталарын берүүгө макулдугун берди. Аскер жетекчилери бул чечим АКШнын өзүнүн курал-жарак коруна терс таасир тийгизбейт деген тыянакка келишкен. Бирок акыркы саясий чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл алат.
Буга чейин АКШ президенти Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда ракеталарды берүү маселесине каршы экенин билдирген.
"Биз өз өлкөбүздү коргоо үчүн керек болгон нерселерди тараткыбыз келбейт", — деген ал.
Маалыматтарга караганда, Трамп бул чечимди Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийинки күнү кабыл алган.
CNN белгилегендей, акыркы апталарда Трамп Путиндин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө олуттуу мамиле кылбоосуна нааразы болуп, орус мунай компанияларына жаңы санкцияларды киргизген жана Будапешттеги Путин менен жолугушууну убактылуу токтоткон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















