super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияда кыргызстандык аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Шектүү катары уулу кармалды

 

Екатеринбург шаарындагы паркта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 41 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалым болгондой, окуя 20-октябрда болгон деп болжолдонууда. Маркумдун сөөгү 30-октябрда жүгүрүп бараткан адам тарабынан табылган. Ал полицияга кабар берген. Басылмалардын маалыматына караганда, каза тапкан аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, кийими жана документтери болгон эмес. Тергөөчүлөр жабырлануучунун өздүгүн аныктап, шектүү катары анын 21 жаштагы уулун кармашкан. Ал күнөөсүн моюнга алган.

Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноо менен адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда, экспертизалар дайындалып, шектүүнүн жана жабырлануучунун Орусияда мыйзамдуу жүргөндүгү текшерилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: