Сокулук районундагы жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, 2 адам каза тапты
Сокулук районундагы жол-транспорт
кырсыгынан 4 адам жаракат алып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин
басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 17-январь күнү Бишкек-Ош унаа
жолунун 22-чакырымында Мерседес-Бенц кичи автобусунун 25 жаштагы айдоочусу
рулду башкара албай, каршылаш жолго чыгып кеткен. Жыйынтыгында DAF жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
Кырсыктын
кесепетинен кичи автобустун чиндеги 2 жүргүнчү алган жаракатынан окуя болгон
жерде каза табышкан. Айдоочу жана 3 адам аймактык ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Жайлары жаннаттан болсун!