Алайда экинчи ирет жол кырсыгы катталып, 5 адам каза тапты
Ош облусунун Алай районунда дагы бир ири жол кырсыгы катталып, беш адам каза болду.
Милициянын маалыматына караганда, кырсык 1-ноябрда саат 1:20 чамасында Таш-Коро айылынын аймагында, Ош — Эркечтам автожолунун 67-чакырымында болгон.
Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Гүлчө тарапка бара жатып, каршы тилкеге чыгып, ошол тараптан келе жаткан Tesla Model 3 унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Tesla'нын айдоочусу жана анын төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде эле каза болгон. Маалым болгондой, каза тапкандардын баары 33 жашта болушкан.
Howo унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү аман калган. Алар ооруканага жеткирилген. Алардын айтымында, алар Бакмал айылынан Гүлчө багытына көмүр ташып бара жатышкан. Алдын ала маалымат боюнча, унаанын тормоз системасы иштен чыккандыктан, жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, бетон тосмого урунуп, оодарылып кеткен.
Эске салсак, 30-октябрда унаа айдап баратып 68 жаштагы айдоочунун жүрөгү токтоп калган. Натыйжада унаа кырсыкка учурап, анын кесепетинен айдоочунун апасы, кызы, күйөө баласы жана агасы каза болгон. Кырсык саат 15:50 чамасында, Алай районунун Жылуу-Суу айылында болгон.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 31-октябрда каза тапкан жигиттер дал ушул жол кырсыгынын курмандыктарынын жаназасынан кайтып келе жатышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















