super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нью-Йорктон Токиого бир сааттык жол... Эки шаар ортосунда космостук каттамдар ачылат

 

Токио менен Нью-Йорк ортосунда космостук каттамдар ачылат. Учурда эки шаардын каттамы 12 сааттан ашат, келечекте ал 60 мүнөттү түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Nippon Travel Agency туристтик агенттиги жана Innovative Space Carrier стартабы узак мөөнөттүү SPACE Tour программасын ишке ашыруу максатында келишимге кол коюшкан. Бул программа 2030-жылга чейин космостук саякаттарды этабы менен өнүктүрүүнү көздөйт.

Божомолдорго караганда, 2026-жылы жердин айланасында гипер ылдамдыктагы учуулар жана кыска мөөнөттүк орбиталык саякаттарды камтыган программаларга алдын ала каттоо башталат.

Суборбиталык учуу үчүн билеттердин баасы болжол менен 657 миң доллар болору айтылды. Учуруулар деңиз платформаларынан жасалат жана аппараттардын кыймылдаткычтары менен корпустары кайра колдонууга ыңгайлуу болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: