Каракчылардын Луврдан уурдалган буюмдарды Израил фирмасына сатууга аракет кылганы аныкталды
Лувр музейинен уурдалган баалуу таштарды Израил фирмасына даркнет аркылуу сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, каракчылар Луврдан уурдалган баалуу таштардын бир бөлүгүн коопсуздук консультациялары менен алектенген CGI Group компаниясына сатып алуу сунушун киргизген. Белгисиз адам өзүн уурулардын өкүлү деп тааныштырган жана кызматкерлерге жооп берүүгө бир күн убакыт берген.
Андан соң компания сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, байланышкан адамдын колунда бир нече уурдалган баалуу таштар бар экенин тастыктаган далилдерди алып, бул маалыматты Луврга өткөргөн. Бирок музей маалымат боюнча алты күн бою жооп берген эмес.
"Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берген жок", - деген компания.
Тергөө материалдарына караганда, Луврду төрт адам тоногон. Алар Апполон галереясынан кирип, бир нече мүнөттүн ичинде тогуз тарыхый баалуу буюмду алып чыгышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















