super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оштогу Сулайман-Тоо милиция бөлүмү жаңы имараттуу болду (фото)

 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу кечээ, 1-ноябрда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда имараттын ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди.
Ош шаарынын мэриясы имарат курууга 18 500 чарчы метр жер аянтын жана андан сырткары 10 миллион сом акча каражатын бөлүп берген. Ага ылайык 3 кабаттан турган имарат тургузулуп, бөлмөлөр керектүү эмеректер жана компьютерлер менен камсыздалды.
Ошондой эле өлкө башчынын атынан милиция бөлүмүнө кызматтык унаа белек катары тапшырылды.
Иш-чарада Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жаңы имаратка жеке каражатынын эсебинен 13 кондиционер коюп берүүнү убадалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: