super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дональд Трамп Нигериядагы "исламчылдарды" жок кыла турганын айтты 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Нигериядагы христиандарга карата кылмыштар токтотулбаса, америкалык аскерлер өлкөгө кирип, "ислам террорчуларын" толук жок кыла турганын эскертти. Ал Пентагондон мүмкүн болгон күч колдонуу чараларына даяр болууну талап кылды.

Трамп Truth Social баракчасына: "Эгер Нигерия өкмөтү христиандарды өлтүрүүгө жол берип жатса, АКШ дароо жардам жана колдоосун токтотот жана бул өлкөгө күч менен кирип, бул зулумду жасагандарды толугу менен жок кылышы мүмкүн", — деп жазды.

Ал Нигерия бийлигине тезирээк аракет кылууну сунуш кылды.

Буга чейин Трамп Нигериядагы христиандар коркунучка туш болуп жатканын белгилеген.

Нигерия президенти Бола Тинубу Трамптын айыптоолорун четке кагып, өлкө бийлиги динге карата куугунтуктун бардык түрүнө каршы экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: