Түркияда абакта Thodex компаниясынын негиздөөчүсү Озердин жансыз денеси табылды
Түркияда абакта криптовалюталык биржа Thodex компаниясынын негиздөөчүсү Фарук Фатих Озердин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Түркиянын NTV басылмасы кабарлады.
Озердин сөөгү Түркиянын батышындагы Текирдаг шаарындагы түрмө камерасынан табылган. Басылманын маалыматы боюнча, шаардык башкы прокуратура окуяны иликтөөнү баштады.
Озер Албаниядан Түркияга экстрадицияланып, 2023-жылдын сентябрь айында ал кылмыштуу уюм түзүү, мыйзамсыз акча өндүрүү жана алдамчылык айыптары менен 11 196 жылга соттолгон. Ал түрмөдө жалгыз камерада жазасын өтөп жатканы маалым. Сөөк соттук-медициналык экспертизеге жөнөтүлгөн.
2021-жылдын апрелинде Thodex биржасы “акчалардын эсептерде аномалдуу кыймылы” себептүү убактылуу жабылганын жарыялаган. Түрк басылмалары жазгандай, Озер эки миллиард доллар акча менен Албанияга качкан. Социалдык тармактарда Стамбул аэропортунан чыгып жаткан сүрөттөрү жарыяланган.
Биржанын аудиториясы 400 миң кишини түзгөн, алардын 390 миңи активдүү кардарлар болгон. Озер айыптарды негизсиз деп, операциялар киберчабуулдан улам токтоп калганын жана кардарлардын акчасына эч нерсе болбогонун билдирген. Ал Түркияга кайтып келип маселени чечерин убада кылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















