super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Элден жашыра турчу эч нерсебиз жок". Жапаров уулунун "Берекет банкка" негиздөөчү болгону тууралуу айтты

 
Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде жаңы ачылган "Берекет банк" тууралуу комментарий берип, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, бул жеке бизнес долбоор болуп, өлкөгө ири көлөмдөгү инвестициялар тартылары күтүлүүдө.
"Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Биринчиден, менин бийлик башына келгениме 5 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында үй-бүлө, бала-чакамды эмес, бир туугандарымды да мамлекеттик иштерге аралаштырбадым. Бир үйдөн бир эле саясатчы чыкса жетет.
Силер бизнес кылгыла, өндүрүш ачкыла, өлкөгө инвесторлорду тартуу менен алек болгула деп келем. Кудайга шүгүр, баары мени угуп, мамлекеттик иштерге аралашпады.
Муну жалпы эл журт деле көрүп турат. Мындан ары деле мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Министр болом, депутат болом дешпейт. Болбосо депутатты эл шайлайт да деп депутаттыкка деле барышса болмок. Бирок барышпайт.
Баары жеке бизнестери менен алек болуп жүрүшөт. Чет жактан инвесторлорду алып келип жатышат.
Бүгүнкү күнгө чейин жакындарымдын тартып келген инвесторлорун, жасап жаткан иштеринин баарын айтсам жакындарымды мактаган болуп калам. Ошондуктан азырынча эч бирин айтпайм. Кудай буюрса, президенттик мөөнөтүм бүтүп жатканда отчёт катары бир туугандарым өлкө үчүн эмне иштерди жасады, Рустам кандай иштерди бүтүрдү, канча суммага инвестор алып келди, баарын тизмектеп айтып берем. Жалпы эл көрөт", - деди Жапаров.
Ал эми банк темасы боюнча мамлекет башчысы дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатканын белгиледи.
"Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук.
Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим.
Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи. Чанпен Чжао туш келди эле мамлекетке бара бербейт. Биринчиден, достук мамиле, экинчиден Кыргызстанда өнүгүү бар, коррупция менен аёсуз күрөш жүрүп жатканын көрүп турат, криминал жок, ошол үчүн Кыргызстанга келип жатат.
Канчалаган мамлекеттер аны өз өлкөлөрүнө чакырып келтире албай жүрүшөт. Бул кишинин бизге келиши менен ушул банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет. Башка негиздөөчүлөр да кирет бул банкка. Мамлекетибиз, элибиз бул банктын пайдасын гана көрөт. Зыяны тийбейт", -деди өлкө башчы.
Ошондой эле Жапаров бул банктын ишмердүүлүгү кадимки эле банктардай болорун, көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштей турганын билдирди. Ал эми уулунун бул тармакта билими, тажрыйбасы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Мен жогоруда айтпадымбы. Балдарымды жана бир туугандарымды саясатка аралаштырбайм деп. Ошондуктан Рустам да, Нурдөөлөт да экономика жана финансы жагын окуп бүтүштү. Албетте, тажрыйбасы бар деп айта албайм. Бирок, бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топтойт деп ойлойм. Азыркы жаштар бизге караганда жаңы нерселерди тез өздөштүрөт эмеспи. Эң негизгиси эч кам санабагыла.
Бул аракеттен кыргыз эли пайда гана көрөт. Кирешесинен эл менен бөлүшөт. Жетим жесирлерге жардам берет. Социалдык обьектилерди салышат дегендей", -деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.
Эске салсак, буга чейин Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов жаңы түзүлгөн “Берекет банктын” негиздөөчүлөрү болушканын "Азаттык" жазып чыкткан.

Басылма Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алганын белгилейт. Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Негиздөөчүлөрүнөн тышкары, жетекчиси катары Жаркынбек Сагындыков көрсөтүлгөн.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: