ChatGPT медицина жана укук боюнча кеңештерди берүүнү токтотту
OpenAI компаниясы эми ChatGPT жумушка орношуу, миграция, билим берүү, камсыздандыруу, финансы жана мамлекеттик кызматтар боюнча кеңеш бере албай турганын билдирди.
"Сиз биздин сервистерди лицензия талап кылган атайын кеңештерди берүү үчүн колдоно албайсыз. Профессионалдык лицензия талап кылган сунуштар чектелди. Бул медициналык жана юридикалык кеңештерге, ошондой эле медициналык жана анатомиялык сүрөттөрдү интерпретациялоого тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.
Компания контентти көзөмөлдөөнү күчөттү. Сервисти зомбулук, терроризм, кумар оюндары, коркутуулар жана жалган маалыматты жайылтуу үчүн колдонууга тыюу салынды. Толук тыюу салынган нерселерге порнография жана адамдардын макулдугусуз жасалган дипфейктер кирет. Эрежелерди бузгандар блоктолушу мүмкүн.
Буга чейин OpenAI Калифорнияда 16 жаштагы өспүрүмдүн өзүн-өзү өлтүрүүсүнөн кийин ата-энелер үчүн көзөмөл системасын киргизгени белгилүү болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















