super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оштогу Уркуя Салиева атындагы музейде улуттук аспаптар көргөзмөсү өтөт 

 
Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин Уркуя Салиева атындагы музей-филиалында Маданият күнүнө карата 3-ноябрда “Улуттук аспаптар — мурастын үнү” аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын максаты кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары аркылуу тарыхый жана руханий мурастарын таанытуу, маданий нарк-насилди сактап калуу жана жаш муундардын кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Көргөзмөдө комуз, кыл кыяк, чоор, добулбас сыяктуу элдик аспаптардын түрлөрү коюлат. Ар бир экспонат кыргыз элинин жашоо-тиричилигин, турмушун, күүсүн жана жан дүйнөсүн чагылдырат.
"Комуз — чертме аспап катары эл арасында кеңири тараган, ал эми кыл кыяк — жаа менен чертилүүчү, терең маанилүү күүлөрдү аткарган аспап катары белгилүү. Бул аспаптар бүгүнкү күндө да жандуу мурас катары бааланып, дүйнөлүк деңгээлде ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: