Кыргызстандын курамасы III Өспүрүмдөр Азия оюндарынан кайтып келди (видео)
Бүгүн, 2-ноябрда Бахрейнде өткөн III Өспүрүмдөр Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын курама командасы кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эмил Заярко, “Тайманбас” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Бактыяр Бокоев, “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев, ошондой эле спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Курама команданын катарында жиу-житсу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынган Рамазан Тянгубер, коло медаль уткан Абдусомад Тынчтыкбеков менен Мухаммед Мухамедов, бокс боюнча күмүш медаль уткан Зубаир Акрамов, дзюдо боюнча күмүш медаль тагынган Эрлан Кадырбаев жана Милена Бөрүболотова, ошондой эле коло медаль ээси Ясэмин Талгартбекова менен Санжар Абдылдаев бар.
Эске салсак, III Өспүрүмдөр Азия оюндары Бахрейн Падышалыгынын борбору Манама шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан 145 спортчу 18 спорт түрү боюнча катышкан. Кыргызстандын спортчулары жалпы 21 медаль, тагыраагы, 1 алтын, 9 күмүш жана 11 коло медалга ээ болушту.
Кыргызстандын курамасы III Өспүрүмдөр Азия оюндарынан кайтып келди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















