Ирандын президенти өлкөдөгү өзөктүк объектилерди калыбына келтирүүгө убада берди
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран өзөктүк программасына тиешелүү объектилерди кайрадан калыбына келтире турганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Президенттин айтымында, программаны ишке ашыруунун максаты — өзөктүк курал жасоо эмес.
2025-жылдын июнь айында АКШ Ирандын эң маанилүү өзөктүк объекттерине, тагыраагы, Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы жайларга күчтүү соккуларды жасаган. Ошол маалда АКШ бул операция Ирандын өзөктүк программасын толугу менен жок кылганын билдирген.
Бирок кийинчерээк америкалык басылмалар чалгын булактарына таянып, бомбалоо күтүлгөндөй натыйжалуу болбой калганын, программаны бир нече айга гана кечеңдеткенин жазышкан. Учурда Ирандын өзөктүк программасынын чыныгы абалына так баа берүү кыйын экени айтылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















