Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы жаран кармалды
Чүй облусунда аялын өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 1-ноябрда Чүй облусунун Москва РИИБине Бала-Айылчы айылында киши өлтүрүү фактысы катталганы боюнча маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 1962-жылы туулган Э.С. аттуу жаран мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнүн жубайы, 1976-жылы туулган Ж.Н.ны ок атуучу курал менен атып салган. Натыйжада ал алган жараатынан ошол жерде каза болгон.
Бул факты боюнча Москва РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















