super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

БШК Абдивали уулу Дамирбекти шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тартты

 
Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №12 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Абдивали уулу Дамирбекти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Мекемеден билдиргендей, ал №12 шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышуу жөнүндө арызын 23-октябрда БШКга тапшырган.
Жумушчу топ Абдивали уулу Дамирбекти шайлоо мыйзамынын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
УКМКнын Чек ара кызматынын тиешелүү маалымкатына ылайык, ал шайлоо мыйзамында көрсөтүлгөн депутаттыка көрсөтүүнүн алдында республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.
"Абдивали уулу Дамирбек 2022-жылдын 23-октябрынан тартып, 2023-жылдын 23-октябрына чейин Кыргызстандын аймагынан тышкары жалпысынан 232 күн жүргөн. Мындан тышкары, 2023-жылдын 23-октябрынан 2024-жылдын 23-октябрына чейин жалпысынан 242 күн өлкө аймагынан тышкары жүргөн",- деп белгиленген билдирүүдө.
Мындан улам БШК аны талапкер катары каттоодон баш тартты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: