Баткенде милиция кызматкерлерине жаңы имараттар жана турак үйлөр пайдаланууга берилди
1-ноябрда президент Садыр Жапаров онлайн форматта Баткен облусунда ички иштер органдары үчүн курулган бир катар жаңы объекттердин ачылышын жасады. Бул тууралуу Баткен милициясынан билдиришти.
Ачылуу аземине облус башчысы Айбек Шаменов, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов жана айыл тургундары, милиция кызматкерлери катышты. Иш-чаранын алкагында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты, Кадамжай районунун Кызыл-Коргон айылындагы милициянын участкалык пункту, Лейлек районунун Мурас айылындагы милициянын участкалык пункту, ошондой эле Раззаков шаарындагы милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди.
Баткен шаардык мэриясы тарабынан 2024-жылы 0,50 гектар жер тилкеси бөлүнүп, ошол эле жылдын апрель айынын аягында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын пайдубалына капсула салынган. Кыска убакыттын ичинде курулуш иштери толук аяктап, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат пайдаланууга берилди.
Имараттын ичинде убактылуу кармоо жайы, спорттук бөлмө, кызматкерлер үчүн кеңселер, окууканалар, жыйын залдары бар. Сыртында автоунаа токтотуучу жай жана спорттук аянтчалар курулган. Бардык бөлмөлөр керектүү эмеректер жана оргтехника менен жабдылган.
Мындан тышкары, борбордон 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында Раззаков шаарында 32 батирлүү төрт кабаттуу үйдүн курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди.
Бул долбоор Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында иш-чаралар планына киргизилип, Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун колдоосу менен ишке ашырылды. Раззаков шаардык мэриясы тарабынан тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, үйдүн пайдубалына капсула 2024-жылдын 15-майында салынган.
Көп кабаттуу турак үй заманбап талаптарга толук жооп берип, жашоочулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Үйдүн айланасына балдар ойноочу аянтча, эс алуу жайлары, автоунаа токтотуучу жайлар курулуп, жалпы жылытуу системасы жана таза суу менен камсыздоо толук ишке киргизилген.
Мындан тышкары, пайдаланууга берилген Мурас жана Кызыл-Коргон милициянын участкалык пункттары аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрдүн кызмат өтөөсү жана алардын үй-бүлөсү менен жашоосу үчүн ыңгайлаштырылып курулган. Ар бир имаратта кызматкердин иш бөлмөсү жана үй-бүлөлүк жашоо үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган.
Бул иштер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, аларга ыңгайлуу иш жана жашоо шарттарын түзүү менен катар, кызматтык мотивацияны жогорулатууга багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















